БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өлкөдө 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагылар арасында түрдүү себептерден улам каза болгондордун саны сегиз жылда сегиз пайызга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин отчётунда жазылган.
Изилдөө иштерине 2012-жылдан 2020-жылдын аягына чейинки убакыт алынгандыгы көрсөтүлгөн. 2012-жылы жогоруда көрсөтүлгөн курактагылардын жол кырсыгынан, ууланып, сабалып, өз өмүрүнө кол салып жана башка себептерден улам көз жумушу 26 пайызды түзсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 18 пайызга түшкөн. Мындай себептерден улам каза болгон жаштардын басымдуу бөлүгүн эркектер түзөт.
Комитет иликтөө жүргүзгөн жылдар аралыгында жаштар арасында өзүн-өзү өлтүргөндөр азайган.
"Анткен менен бүгүнкү күндөгү көрсөткүчтөр да жакшы эмес. 2012-жылы өлкө аймагындагы жаштар арасында 188 адам өмүрүнө кол салган болсо, анын 130у жигиттер. 2020-жылы өз жанын 87 жаш адам кыйган, анын ичинен 57си эркектер, 30у кыз-келиндер", — деп жазылат маалыматта.
Анда жанын кыйган жаштар Чүй жана Ысык-Көл облустарында көп болгондугу белгиленген.