Асеин Исаев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Ал Кыргызстандын Индиядагы элчи кызматынан ушул жылдын 30-октябрында бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп Асеин Исаев дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.
Билдирмеге ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Маалыматта Нуран Ниязалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулгандыгы белгиленген.
Эскерте кетсек, Исаев Кыргызстандын Индиядагы элчи кызматынан ушул жылдын 30-октябрында бошотулган.
Садыр Жапаров Кытайдагы элчини алмаштырды