ИИМ кыз-келиндер үчүн SOS кнопкасын иштетет

Кыргыз милициясы түркиялык кесиптештеринин бир нече жыл мурда башталган программасын колдонууга ниеттенип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлиги кыздар жана аялдар үчүн сынамык түрдө SOS кнопкасын иштеткенге даяр. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлады.
Кнопка аялзатына карата кылмыш жасала турганы айкын болуп калганда кооптуулукту билдирген сигнал жана милицияны тез чакыра калган кызмат катары иштемекчи.
ИИМден долбоорду ишке ашыруу үчүн бир топ күч-аракет талап кылынарын айтты. Министрлик түркиялык кесиптештеринин үй-бүлөдөгү жана башка чоочун адамдардын зомбулугуна кабылган учурда жардамга чакыруу үчүн бир нече жыл мурда ишке киргизилген KADES тиркемеси боюнча тажрыйбаны колдонууга ниеттенип жатат.

"Кыргызстан менен Түркиянын кызматташуусунун алкагында долбоорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштер уланат", — деп билдирген ИИМден.

Бирок азырынча долбоорду ишке ашыруунун так мөөнөттөрү белгисиз.
Аталган кнопка телефонго орнотулуп, геолокация күйүп турган учурда маалымат кетире турган тиркеменин жардамы менен иштейт.
Радио
Жапаралиева: аялдар зомбулуктун беш түрү менен кайрылышат