Кыргызстанда турак жайды жаңы эреже менен сатуу жана сатып алуу каралууда

Министрлик мындай кадам менен өлкө бюджетин толтурууга үндөп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда камсыздандырылган гана кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика министрлиги коомдук талкууга койду.
Бийлик мындай жол менен кыргызстандыктарды үй-жайын камсыздандырууга жана бюджетти толтурууга үндөп жаткандыгын айткан.
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, мүлктү милдеттүү камсыздандыруу төмөнкүлөргө да жардам берет:
өрт жана табигый кырсыктар учурунда келтирилген зыяндын ордун тез арада толтурууга;
өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу үчүн мамлекеттик чыгымдарды кыскартууга;
калктын камсыздандыруу маданиятын жогорулатууга.
Кыргызстанда жыл сайын кыймылсыз мүлк боюнча 300 миңден ашуун келишим түзүлөт.
Үй же батирди ижарага бергендер салык төлөшү керектиги эскертилди