БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргызcтандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Бул боюнча чечим бүгүн Самарканд шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан аталган уюмдун саммитинин жүрүшүндө кабыл алынган.
Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргызстандын Израилдеги дипломатиялык өкүлү кызматын аткарып турган.
Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы үч жылдык мөөнөткө шайланат. Буга чейин бул милдетти Х.Акынжы (Түркия), Р. Гасан (Азербайжан), Б.Амреев (Казакстан) аркалап келген.