Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек ара чырында жабыркаган ишкерлердин 19 млн. сомдук кредити жоюлду

Финансы-кредиттик уюмдар тарабынан дагы 122 кредиттик арыз каралып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик уюмдар кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлердин 19 миллион сомго бааланган 274 насыясын кечти. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдады.
Буга чейин башкы банктын Баткен облусу боюнча өкүлү Акмал Раззаков жабыр тарткандардын насыясын төлөөгө жеңилдиктер берилерин билдирген.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 3-октябрына карата каржы уюмдарына 433 карыз алуучу кайрылган. Алардын ичинен 19 075 миң сомдук 274 кредит жоюлуп, 122 насыя реструктуризацияланган.
Учурда финансы-кредиттик уюмдар жабыркаган карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздарды карап, банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.
Радио
Керимбаев: "Айыл банк" ислам принциптери менен насыя бере баштайт