Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУ россиялык аскерлердин Украинада "Виаграны" колдонгону боюнча далил тапкан жок

Эки пранкер БУУ өкүлү менен украиналык депутат Александр Мережконун атынан "аңгемелешкен".
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. БУУнун атайын өкүлү Прамила Паттен россиялык пранкерлер @Russiacalling Вован менен Лексуска россиялык аскерлердин Украинада "Виагра" препаратын колдонгону боюнча далил жок экенин мойнуна алган.
Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы билдирди.
Эки пранкер БУУ өкүлү менен украиналык депутат Александр Мережконун атынан "аңгемелешкен".
Эске салсак, Паттен мурдараак россиялык армия Украинадагы жай жашоочуларга сексуалдык ыдык көрсөтүү үчүн медициналык препарат колдонот деген маалыматты айткан. Россия зомбулукту аскердик стратегия катары пайдаланууда деп эсептээрин билдирген.
Ал пранкерлер менен сүйлөшүп жатканда эксперттер тиешелүү далилдерди таппагандыгын, ал эми өзү (Прамила Паттен – ред.) иликтөө жүргүзө албастыгын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Дарыгерлер аскердин денесинен жарылбай калган затты алып чыгышкан. Видео