БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районунда үй-жайы жок көчөдө калып, селсаяктык кылгандар үчүн баш калкалоочу жай ачылганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, атайын жай 40 кишиге ылайыкталган.
Убактылуу баш калкалоочу жай Фере көчөсү, 34А дарегинде жайгашкан. Имарат бир сыйра оңдолуп, ал жакка жууркан-төшөк сатып алынган. Бул жайга туруктуу жашаган жери жоктор өздөрү да келсе болот. Мындан тышкары, укук коргоо, тез жардам кызматкерлери жеткиришет.
"Үйү жок, көчөдө калгандарды көрсөңүз дароо 102 (милиция) жана 103 (Тез жардам) телефондоруна чалыңыз. Аларга бир маал ысык тамак берилип, медициналык жардам көрсөтүлөт", — деп жазылат мэриянын маалыматында.
Муниципалитет Свердлов районунун социалдык тейлөө секторунун башкы адисинин (360335, 0706 168877) телефондорун жарыялаган.