Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

NI: АКШ антироссиялык саясатынан улам өнөктөштөрүнөн кол жууп барат

Вашингтон Россияны изоляциялоого киришүүдөн мурун ири оюнчулар бул кадамды колдоор-колдобосун алдын ала аныктап алышы керек болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. АКШ Украина кризиси боюнча позициясын жана антироссиялык саясатын таңуулай берип тарапташ мамлекеттердин колдоосунан кол жууп баратат деп жазды National Interest журналы.
"Америкалык аткаминерлер Азия, Африка жана Латын Америкасындагы алдыңкы мамлекеттердин Украина боюнча сактык позициясын кулак сыртынан кетирип жаңылды. Ак үй тескерисинче албууттанып, керек болсо кекчил болуп кетти. Кытай, Сауд Арабиясы жана Түркия менен алакасы АКШнын сый деген эмне экенин түшүнбөгөнүн көрсөтүп турат", — деп айтылат макалада.
Автордун айтымында, Кытай, Сауд Арабиясы, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен "камырдан кыл сууругандай" мамиле түзүүнүн ордуна Байдендин администрациясы алардан АКШнын айтканын жасоону өктөм талап кылган.
"Америкалык аткаминерлер аталган үч мамлекет Россия боюнча кызматташууну оң жагына оодаруу үчүн ортодогу пикир келишпестиктерди жылдыра турууну да каалаган жок", — деди баяндамачы.
Макалада союздаш мамлекеттер менен мамиленин начарлашына АКШ жетекчилиги күнөөлүү экени айтылат. Анда жазылгандай Вашингтон Россияны изоляциялоого киришүүдөн мурун ири оюнчулар бул кадамды колдоор-колдобосун алдын ала аныктап алышы керек болчу.
Эскерте кетсек, Украинаны денацификациялоо жана демилитаризациялоо боюнча атайын операция 24-февралда башталган. РФ президенти Владимир Путин "анын максаты сегиз жылдан бери Киев бийлиги тарабынан кыргынга жана кордукка дуушар болгон элди коргоо" экенин айткан.
Атайын операция башталган соң Батыш Москвага санкциялык кысымын күчөттү, бирок мындай аракет АКШ менен Европанын өзүндө электр энергиясынын, отундун жана азык-түлүктүн кымбатташын шарттады. Путин Россияны ооздуктоо жана алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку болгонун айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкадагы шайлоо, Украинага таасири жана утушка ким ээ болот? Сереп