Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды. Сүрөт

Үч кабаттуу билим ордосунун имараты 750 окуучуга ылайыкташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп курулуп бүтүп, анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп курулуп бүтүп, анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров катышты

2 / 3

Билдирмеге караганда, Байсалов билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги борбордун негизги көйгөйү болгонун айтып, президенттин тапшырмасы менен курулуп башталган 15 мектептин 13ү ачылганын белгиледи

3 / 3

Үч кабаттуу мектептин имараты 750 окуучуга ылайыкташып, ичинде окуу класстары, мугалимдер бөлмөсү, ашкана, жыйын жана спорт зал бар.

Билдирмеге караганда, Байсалов билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги борбордун негизги көйгөйү болгонун айтып, президенттин тапшырмасы менен курулуп башталган 15 мектептин 13ү ачылганын белгиледи.
"Жакынкы жылдары билим берүү тармагына инвестиция тартуу артыкчылыктуу багыт болуп, окуу китептерин даярдоо, мектеп программасын өзгөртүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу сыяктуу маселелерди камтуу менен билим берүү системасы толугу менен кайрадан каралып чыкмакчы", — деген Байсалов.
Үч кабаттуу мектептин имараты 750 окуучуга ылайыкташып, ичинде окуу класстары, мугалимдер бөлмөсү, ашкана, жыйын жана спорт зал бар.
Бишкекте мектептерге коопсуздук кнопкалары орнотулууда