18 жаштагы жоокер ичине кан толуп көз жумду. Чек ара кызматынын билдирүүсү

Жоокерди таң эрте ооруканага жеткиришкен, бирок ал күндүз каза болуп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. 9-ноябрда Чек ара кызматынын жоокери көз жумганын аталган ведомстводон билдирди.
Алдын ала берилген маалыматтарда, "Күз-2022" менен мекенге кызмат өтөөгө чакырылган А.Т.у. аттуу жоокер таңкы 05:45те аскер бөлүктүн медициналык жайына эти ысып, тамагы ооруп кайрылганы кабарланган. Аны аскер бөлүктүн стационарына жаткырышкан.
Ведомстводон болжол менен саат 15.00дө абал кескин начарлап, оозунан кан кеткенин айтышты.
"Тез жардамды шашылыш түрдө чакыртышкан, алар келгенде жоокер каза болуп калган", — деди Чек ара кызматынан.
Аскердин өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча иликтөө башталгандыгын айтышты. ИИМ менен Аскер прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өлүктү союп, жыйынтыгын Бишкек шаарына жиберишкен.
Бир катар ЖМКлар жоокердин Баткен облусундагы Айдаркен аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткандыгын, 18 жашта экендигин, мекенге кызмат кылууга бир ай мурда чакырылгандыгын жазды.
Өзүн атып алган. Кой-Таштагы аскер бөлүктө бир жоокер каза тапты