ЖККУнун аскердик комитети жаңы коркунучтарга каршы туруу чараларын талкуулады

Видеоконференция форматындагы жыйынга Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн делегациялары катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун (ЖККУ) аскердик комитети видеоконференция форматында жаңы чакырык, коркунучтарга каршы туруу чараларын талкуулады. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына таянып билдирди.
"10-ноябрда видеоконференция форматында ЖККУнун аскердик комитетинин жыйыны болуп, ага Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын делегациялары катышты. Ошондой эле ага ЖККУ катчылыгынын жана Бириккен штабдын өкүлдөрү байкоо салды", — деп жазылат маалыматта.
Жыйындын алкагында ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагындагы аскердик-саясий кырдаал боюнча пикир алмашуу болуп, жаңы чакырык жана коркунучтарга каршы туруу чаралары талкууланган.
"Ислам мамлекетинин"* постсоветтик өлкөлөрдө жанданганы айтылууда