Министрлик: Токтогул ГЭСиндеги авария тууралуу маалымат фейк

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" Бишкек шаары менен Чүй облусунда эки күндөн бери электр энергиясынын өчүп жатканына түшүндүрмө берди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бүгүн социалдык тармактарда Токтогул ГЭСинде авария болду деген маалымат тарап жаткан. Энергетика министрлиги бул билдирүү чындыкка дал келбей турганын кабарлады.
Соңку эки күндөн бери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары электр энергиясы өчүп жатканын айтып нааразы болуп жатышкан. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынан" түйүнгө күч келгендиктен жана авария тобокелдиктеринен улам электр энергиясы автоматтык түрдө өчүп калып жатат деп түшүндүрдү.
Буга улай эле WhatsApp мессенжери аркылуу Токтогул ГЭСиндеги биринчи агрегатта авария болду, эми жарык маал-маалы менен өчүрүлөт деген билдирүү тарап жаткан. Министрлик ал жалган маалымат экенин айтты.
Токтогул ГЭСин курууга Айтматов каршы чыккан. Энергетик Болот Иманалиевдин маеги