Россиядан келген адистер Ошто 60 мугалимдин квалификациясын жогорулатты

Курстарга орус тилдүү мектептерде эмгектенген математика, адабият мугалимдери катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ош облусунда 60 мугалим квалификациясын жогорулатуу үчүн Россиянын Герцен атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинен келген адистердин курстарынан өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6

Ош облусунда 60 мугалим квалификациясын жогорулатуу үчүн Россиянын Герцен атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинен келген адистердин курстарынан өттү

2 / 6

Курстар жана мастер-класстар 8-9-ноябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөн

3 / 6

Ага орус тилдүү мектептерде эмгектенген математика, адабият мугалимдери катышкан

4 / 6

Жыйынтыгында 60 окутуучуга сертификат тапшырылганы айтылды

5 / 6

Иш-чараны Ош шаардык мэрия, Оштогу "Русский дом" билим берүү жана маданият борбору, ошондой эле Санкт-Петербургдун тышкы байланыш комитети уюштурган

6 / 6

Мастер-класстар "Кыргызстандагы Петербург кечелери" иш-чарасынын алкагында өткөрүлгөн.

Курстар жана мастер-класстар 8-9-ноябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөн. Ага орус тилдүү мектептерде эмгектенген математика, адабият мугалимдери катышкан. Жыйынтыгында 60 окутуучуга сертификат тапшырылганы айтылды. Иш-чараны Ош шаардык мэрия, Оштогу "Русский дом" билим берүү жана маданият борбору, ошондой эле Санкт-Петербургдун тышкы байланыш комитети уюштурган.
"Ош шаары менен Санкт-Петербургдун карым-катышы Кыргызстан менен Россиянын достук мамилесин чыңдап, билим берүү долбоорлорун өнүктүрүүгө шарт түзөт", — деп айтылат мэриянын маалыматында.
Мастер-класстар "Кыргызстандагы Петербург кечелери" иш-чарасынын алкагында өткөрүлгөн.
РУДН адистери кыргызстандык 120 мугалимдин квалификациясын жогорулатты