Путин Индонезияда өтчү G20 саммитине катышпай турганы белгилүү болду

Буга чейин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россиянын G20 жана АТЭС саммиттерине катышуусунун ар кандай форматы каралып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Балиде өтө турган G20 саммитине катышпайт, Москванын кызыкчылыгын ТИМ башчысы Сергей Лавров коргойт. Бул тууралуу Индонезиянын деңиз жана инвестиция маселелери боюнча координатор министринин маалымат катчысы Жоди Махарди билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия президенти Владимир Путин кийинки жумада Балиде өтө турган "Чоң жыйырмалык" өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна катышпайт. Путиндин атынан саммитке ТИМ жетекчиси Сергей Лавров келет, ал сүйлөшүүлөрдүн бирине виртуалдык форматта катышат", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россиянын G20 жана АТЭС саммиттерине катышуусунун ар кандай форматы каралып жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британияда Батыш качан Россия менен сүйлөшүүгө аргасыз болору айтылды