Өлкөдө кечээ, бүгүн электр кубаты эмне үчүн жапырт өчтү. Түшүндүрмө

Холдингден кырдаал турукташкандыгын, бирок бишкектиктерден электр кубаты бериле электигин айткан билдирүүлөр түшүп жаткандыгын маалымдады.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда кечээ жана бүгүн электр энергиясы эмне үчүн жапырт өчкөнү боюнча "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" түшүндүрмө берди.
Анда автоматтык өчүрүү болгону айтылган.
"Сууктан улам электр кубатын пайдалануу деңгээли адаттагыдан ашып кетти. Электр жабдууларына күч келген, алардын күйүп кетпеши үчүн жана авариядан сактоо максатында автоматтык өчүрүү болгон", — деп айтылат маалыматта.
Холдинг келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, кырдаалга түшүнүү менен кароону өтүндү.
Энергетиктер электр кубатын үнөмдөөнү, электр энергиясы көп колдонулуп, чыңалуу болуп турган сааттарда кошумча жылыткычтарды иштетпөөнү эскертти. Анын ордуна жылытуучу башка ыкмаларды пайдалана турууну сунуштады.
Холдингден кырдаал турукташкандыгын, бирок Бишкектин ар кайсы райондорунан электр кубаты бериле электигин айткан билдирүүлөр түшүп жаткандыгын белгиледи.
Бишкектин бир катар мектептери менен бала бакчаларында жылуулук өчүрүлдү