БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Москва шаарынын чыгыш тарабына "Жолугушчу жер Кыргызстан" деп аталган көп тармактуу коомдук борбор салынды. Бул боюнча Россия өкмөтүнүн маалымат борбору кабарлады.
Билдирмеге ылайык, ал жерге Советтер Союзу учурунда "Кыргызстан" кинотеатры курулган, жаңы борбор ошол кинотеатрдын ордуна салынды. Имарат жалпысынан 27,8 миң чарчы метр аянтты ээлейт.
"Анда заманбап экран жана аудиосистемалар менен жабдылган алты залдуу кинокомплекс, соода галереясы жана эс алуу жайлары, фудкорт, кофейня жана кафетерийлер ачылат. Келген адамдардын ыңгайлуулугу үчүн жер астына унаа токтотуучу жай салынган. Новогирееводогу "Жолугушчу жер Кыргызстан" борбору Москвадагы эң ири кинотеатрды да камтыйт. Анда Москва эл аралык кинофестивалы жана киноиндустриядагы башка маанилүү иш-чаралар өтүп турат. Ушул тапта уруксат берүүчү бардык документтер берилди, эми аны курган тараптар москвалыктар үчүн ачылышын жасаса болот", — деген Москва мамлекеттик курулуш көзөмөл кызматынын башчысы Игорь Войстратенко.
Ал белгилегендей, күн жылыган учурда имараттын чатырындагы шезлонгдор коюлган жашыл терраса ачылат. Анда түрдүү салтанаттарды өткөрсө болот.
Эске салсак, 2018-жылы Москва шаардык бийлиги эскилиги жеткен "Кыргызстан" кинотеатрынын имаратын капиталдык реконструкциядан өткөрүүнү чечкен. Долбоордун алкагында эскиси толугу менен түрттүрүлүп, ордуна төрт кабаттуу чоң имарат курулган.