Кышкы ЖРТ башталат. Шарт-талабы, акысы, убактысы

Кышкы ЖРТ сынагына окутуунун келишимдик формасына тапшырып жаткан абитуриенттер гана катыша алары эскертилди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) кышкы сынагына катышуу үчүн кошумча кабыл алуу 25-ноябрда башталат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан кабарлады.
Мекеме тестирлөөнүн кышкы кабыл алуусуна окутуунун келишимдик формасына тапшырып жаткан абитуриенттер гана катыша аларын эскерткен. ЖРТга орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдар катыша алат.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн кышкы сынагына кошумча каттоо 25-ноябрда Бишкек шаарындагы №72 жана № 95 мектептеринде, ал эми Ош шаарында "Жетиген" мектеп лицейинде саат 13.00дөн 17.00гө чейин өтөт. Каттоо акысы негизги тест үчүн — 370 сом жана ар бир предметтик тест үчүн ушунча каражат талап кылынат.
Каттоодон өтүү үчүн керектүү документтердин тизмеси:
каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын же О! акча квитанциясы;
паспорт же аскер кызматындагылар үчүн аскердик күбөлүк;
3х4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт;
орто билим жөнүндө аттестаттын түп нускасы же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы.
Кошумча маалымат үчүн (0312/502) 664838 номери аркылуу байланышууга болот.
Белгилей кетсек, быйылкы жылдан тарта ЖОЖдорго кабыл алуу жылына эки ирет жүргүзүлөт.
Абитуриенттер үчүн кышкы ЖРТ тапшыруу 24-ноябрда башталат