БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жыл башына карата өлкөдөгү 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштардын саны 1 миллион 593 миңди, тактап айтканда, жалпы калктын 24 пайызын түздү. Мындай маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.
Билдирүүгө ылайык, жаштар жалпы калктын дээрлик төрттөн бир бөлүгүн түзөт, бирок калктын санынын өсүүсү менен салыштырганда акыркы он жыл ичинде бул курактагылардын саны азайганы белгилүү. Бул 1990-жылдардан кийин балдардын аз төрөлүп баштаганы менен байланыштуу.
"Акыркы он жыл ичинде калктын санындагы жаштардын үлүшү 30 пайыздан 24 пайызга түштү. Мындай көрүнүш Нарын облусунан башка өлкөнүн бардык аймактарында болуп жатат. Өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында жаштардын саны кескин кыскарууда", — деп жазылат комитеттин маалыматында.
Мындан тышкары, мекеме жаштардын үй-бүлө куруудагы жаш курагына байкоо жүргүзгөн. Бул жаатта да он жыл ичинде өзгөрүүлөр болду.
"2012-жылга караганда мырзалардын үй-бүлө куруу жаш курагы 5-6 жылга, ал эми кыздарда 2-3 жылга жылды. Учурда жаштардын көбү никеге каттоого тургандан мурун кесиптик билим алып, туруктуу жумуш табуу маанилүү деп эсептейт", — деди комитеттен.
Эске салсак, өкмөттүн ушул жылдын 14-январындагы №15 токтому менен 10-ноябрь өлкөдө Жаштар күнү деп жыл сайын белгиленүүчү майрам катары бекитилген.