БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. 11-ноябрда Кыргызстандын улам бир аймагында электр кубаты бир саатка өчүрүлүп турат. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай чечим Токтогул ГЭСиндеги экинчи гидроагрегат эксплуатацияга берилип жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган. Агрегат ушул жылдын 15-ноябрынан тарта иштей баштамак. Бирок "Электр станциялары" компаниясынын жетекчилиги аны 11-ноябрда ишке берүү чечимин кабыл алган.
"Жаңы гидромеханикалык жабдууларды сыноо учурунда электр энергиясы бир сааттан ашпаган убакытка өчүрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.