БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. УКМК Билим берүү министрлиги менен Кыргыз-Россия славян университетинин эки кызматкерин коррупцияга шектүү катары кармады. Бул тууралуу комитеттен маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, УКМК сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында министрликтин башкармалык жетекчиси менен КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы коррупциялык схема түзгөнүн аныктаган.
"Алар бир нече жылдан бери Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу боюнча эрежелерди сактабай, мыйзамсыз түрдө студенттерди бюджеттик орундарга өткөрүп турушкан. Кыргызстан менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы келишимдерге ылайык, жыл сайын КРСУга россиялык 50 жаран гранттык орундарга алынышы керек. Алардын окуу акысы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен төлөнөт. Бирок окуу жай менен министрликтин кармалган кызматкерлери жалпы республикалык тестирлөөдөн аз балл алган абитуриенттерден акча алып, ошол гранттык орундарга окууга өткөрүп турушкан", — деп айтылат маалыматта.
Бул кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгында министрликтин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси А.Г.М. жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Л.Т.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.