Радио

Бөрүбашов: көчмөндөрдүн мамлекеттик түзүлүшүнүн негиздерин иштеп чыгуу керек

Президенттин кенешчиси, эмгек сиңирген юрист, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашов көчмөн мамлекеттик түзүлүш менен отурукташкан элдердин мамлекеттик башкаруусунда чоң айырма болгонун белгиледи.
Sputnik
Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин 30 жылдыгына карата юристтер менен тарыхчылардын башын бириктирген ири илимий конференция болуп өттү. Анда советтик жана орус окумуштуусу, академик Николай Крадин көчмөндөр менен отурукташкан европалыктардын мамлекеттик түзүлүшүндөгү айырмачылыктарды айтып берди. Бул тууралуу Бекбосун Бөрүбашов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көчмөндөрдүн мамлекеттик башкаруусу өтө чоң институттан турган эмес.
"XIII-XIX кылымдардагы Евразия элдеринин укуктары жана бийлик институту" деген аталыштагы эл аралык илимий конференция болуп өттү. Ага Россия, Канада, Казакстандан окумуштуулар жана биздин жергиликтүү ЖОЖдордун мугалимдери катышты. Бул конференциянын өзгөчөлүгү Евразия элдеринин укук, мамлекеттик түзүлүштөрү тууралуу сөз болгондуктан, тарыхчылар менен юристтердин башын бириктирди. Көптөгөн кызыктуу ой-пикирлер айтылды. Мисалы, советтик жана россиялык окумуштуу, академик, тарыхчы Николай Крадин көчмөндөрдүн мамлекеттик түзүлүшү менен отурукташкан европалыктардын мамлекеттик түзүлүшү кескин айырмаланган деген оюн далилдөөгө аракет кылды. Анын пикиринде, көчмөндөр мамлекетинде чоң бюрократиялык бийлик аппараты болгон эмес. Ал эми европалыктардыкында тескерисинче, ошондуктан дагы ал жакта коррупция көп кездешкен. Анда биз көчмөндөрдүн мамлекеттик түзүлүшүнүн негизги белгилерин санап берели, андан соң анын айрым элементтерин алып, азыркы учурда мыйзам чыгарууда колдонолу деген сунушумду билдирдим. Ошондо биз батыштан көчүрүп алган эрежелер менен жашабай, өзүбүздүн ата-бабадан келе жаткан мамлекеттик түзүлүшүбүздөн азыркыга ылайыкташтырып пайдаланган болор элек", — деди Бөрүбашов.
Окумуштуу эгемендүү Кыргызстан Конституциясына негиз катары 1958-жылы жазылган француздардын Баш мыйзамын алганын, канча өзгөртүлсө да Конституция батыштын мыйзамдарынын негизинде жазылып келерин кошумчалады.