Эртең электр энергиясы кайсы маалда өчүрүлөт? Расмий жооп

Ноябрь айында Токтогул ГЭСинде төртүнчү агрегат да иштей баштайт. Анда да электр кубатына чектөө киргизилиши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын башчысынын биринчи орун басары Шакиржан Саидов маалымат жыйын учурунда эртеңки өчүрүүлөрдүн так графиги жок экенин билдирди.
"Эртеңки өчүрүүлөрдүн так графиги жок, бирок электр энергиясы кыска мөөнөткө гана өчүрүлөт", — деди Саидов.
"Электр станциялары" ишканасынын башчысы Айбек Айдаралиев электр кубаты эртең менен жана кечинде көп колдонулган учурда берилбей турганын эскертти.
Белгилей кетсек, электр жарыгына чектөө Токтогул ГЭСинде ремонттон өткөн 2-агрегат ишке киргизилип жаткандыктан коюлууда.
"Бир агрегатты ишке берүү үчүн башкаларын өчүрүүгө туура келет. Бул учурда тартыштык жаралат. Ошол себептен жарык өчүрүлмөкчү. 11-ноябрдан кийин баары өз нугуна түшөт. Кышында агрегат үзгүлтүккө учурабай иштейт", — деген ал.
Ноябрь айынын аягында Токтогул ГЭСинде төртүнчү агрегат да иштей баштайт. Анда да электр кубатына чектөө киргизилиши ыктымал.
Буга чейин "Электр станциялары" ишканасы Токтогул ГЭСиндеги экинчи гидроагрегат эксплуатацияга берилип жаткандыктан 11-ноябрда Кыргызстандын улам бир аймагында электр кубаты бир саатка өчүрүлүп турарын маалымдаган.
Токтогул ГЭСин курууга Айтматов каршы чыккан. Энергетик Болот Иманалиевдин маеги