Күн кайра жылыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

Көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун алдын ала алынган маалыматтарга таянып билдирди.
Ага ылайык, апта этегинде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкекте дагы жамгыр, кар жаабайт. Абанын температурасы 8...10 градус жылуу болушу ыктымал.

Чүй, Талас облустары

Чүй менен Таласта дем алышта күн ачык болору айтылды, бирок мурдагыдай жылуу эмес. Абанын температурасы Чүйдө күндүз 4...9 градус болсо, түнкүсүн -3 градуска чейин төмөндөйт. Таласта 4...6 градус жылуу болору айтылды.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Апта аягында өлкөнүн түштүк аймактарында да жамгыр, кар жаабайт. Ошто абанын температурасы күндүз 6...11 градус, Жалал-Абадда 7...12 градус, Баткенде 7...9 градус жылуу болушу ыктымал. Түнкүсүн үч аймакта тең -2 градуска чейин суук болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын облусунда күн кадимкидей сууктап, абанын температурасы күндүз -1…+4 градуска төмөн болот. Жамгыр, кар жаабай турганы айтылды. Ысык-Көлдө да жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок абанын температурасы болгону 3...8 градуска жетет. Түнкүсүн 0...5 градуска чейин суук болот.
Ноябрь айындагы аба ырайы. Кыргызгидрометтин божомолу