Бишкекте тез жардам жеңил автоунаа менен кагышып, үч адам жабыркады. Видео

Жабыркагандардын экөө медкызматкер.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкекте тез жардам автоунаасы жеңил машина менен кагышып, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсыгы 9-ноябрь саат 23:00дөр чамасында катталган. Анда тез жардам автоунаасы Ахунбаев көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө оңго бурулганда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан. Андан кийин Ахунбаев көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан Mercedes Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн.
"Кырсыктан үч адам жабыркады. Анын экөө медкызматкер, бири Passat үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу", — деп айтылат маалыматта.
Учурда жол кырсыктын себептери такталууда.
Машина талкаланып калган. Түндө Бишкекте жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду. Сүрөт