"Банктар аралык процессинг борборунун" мурдагы жетекчиси кармалды

Жетекчиликтин жогорулатылган баалар боюнча товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу аркылуу акчаны мыйзамсыз табуу схемасын уюштурганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКтын жетекчилигинин өзгөчө ири өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча иши аныкталып, кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
"Банктар аралык процессинг борборунун" кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде өзгөчө оор кылмыш жасады деп иш козгоду.
Акцияларынын 46,7 пайызы Улуттук банкка таандык болгон жана мамлекеттин менчиги деп саналган "Банктар аралык процессинг борборунун" жетекчилиги жеке кызыкчылыгын көздөп, баюу максатында жогорулатылган баалар боюнча товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу аркылуу акчаны мыйзамсыз табуу схемасын уюштурганы айтылды.

"2021-жылдын декабрында "МПЦ" ЖАК жетекчилиги имаратты 106 000 000 сомго сатуу боюнча келишим түзгөн. Ошол эле учурда бул имарат техникалык жана квалификациялык талаптарга ылайык, "МПЦ" ЖАКтын муктаждыктарына жооп берген эмес жана тийиштүү түрдө пайдаланууга жараксыз болгон. Ашыкча баалоонун жана мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 57 815 488 сомду түздү", — деп билдирди УКМКдан.

2022-жылдын 8-ноябрында кылмышка шектүү катары "МПЦ" ЖАК башкармалыгынын мурдагы төрагасы 1977-жылы туулган А.У.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ведомстводон учурда тергөө иштери жүрүп жатканын айтышты.
Билим берүү министрлиги менен КРСУнун кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды