230 метр тереңдиктен чыгат. Аламүдүндө жаңы суу мунарасы ишке берилди

Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылында 2 миллион 70 миң сомго жаңы суу мунарасы курулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
"Мунаранын көлөмү 100 метр кубга барабар. Бул өлчөм 19,5 гектар аянтты, башкача айтканда, 320 турак үй жайгашкан төрт көчө менен 271 батирлүү көп кабаттуу он бир үйдү тейлөөгө жетет", — деп айтылган маалыматта.
Суу 230 метр тереңдиктен чыгарылып, жер иштерине 550 миң сом жумшалган. Он бир айда ишке ашкан бул долбоорго каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.
Суу сактагычтарды жаңы техника менен тазалоо каралууда. Сугат суу боюнча маек