Токтосун Тыныбековго арналган айтыш. Баш байгеге Кубат Тукешов ээ болду. Сүрөт

Иш-чарада бардык акындарга жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө Токтосун Тыныбеков атындагы төш белги тапшырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата уюштурулган республикалык төкмө акындар айтышында баш байгени Кубат Тукешов багындырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 5

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата уюштурулган республикалык төкмө акындар айтышында баш байгени Кубат Тукешов багындырды

2 / 5

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошов катышкан

3 / 5

Эки күнгө созулган айтыштын баш байгесин акын Кубат Тукешов багындырса, биринчи орунду Баян Акматов, экинчи орунду Асылбек Маратов, үчүнчү орунду Сапарбек Зулпуев ээледи

4 / 5

Башка акындарга кызыктыруучу акчалай сыйлыктар берилип, бардык акындарга жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө Токтосун Тыныбеков атындагы төш белги тапшырылган

5 / 5

Айтышты Маданият министрлиги, "Манас" театры, "Айтыш" коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонд уюштурду.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошов катышкан.
"Эки күнгө созулган айтыштын баш байгесин акын Кубат Тукешов багындырса, биринчи орунду Баян Акматов, экинчи орунду Асылбек Маратов, үчүнчү орунду Сапарбек Зулпуев ээледи", — деп жазылат билдирмеде.
Башка акындарга кызыктыруучу акчалай сыйлыктар берилип, бардык акындарга жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө Токтосун Тыныбеков атындагы төш белги тапшырылган.
Айтышты Маданият министрлиги, "Манас" театры, "Айтыш" коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонд уюштурду.
2023-жылы түрк тилдүү мамлекеттер Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын белгилейт