ЖК депутаттары бул аптада жыйын өткөрбөй турган болушту

Акыркы жолу өткөн аптанын жума күнүндө фракция чогулган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 9-ноябрдан 11-ноябрга чейин жыйын өткөрбөй турган болушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, депутаттар бул күндөрү аймактарда шайлоочулары менен жолугушат. Мындай чечимди алар өткөн аптада кабыл алышкан.
Эске салсак, өткөн жумада фракциялардын жыйыны өткөн. Ал эми ишембиден тартып бүгүнкүгө чейин өлкөдө майрамдарга байланыштуу дем алыш күндөрү болду.
Муктаждык болду. Депутаттар эмнеге маянасын, фондун көбөйткөнүн айтышты. Видео