Жапаров менен Ташиевдин айылдары эле өнүгүп жатабы? Расмий жооп

Эки жылда 193 объектинин курулуш иштери бүткөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармакта "бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө" деп тарап жаткан маалыматты четке кагып, бир топ курулуш иштери бүтүп жатканын белгилеген.
"2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер тууралуу маалымат менен дагы бир жолу бөлүшүүнү эп көрдүм. Мамкурулуш 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин республикалык бюджеттин эсебинен 193 объектинин курулушун жана оңдоп-түзөө жумуштарын 6 миллиард 172,1 миллион сомго бүткөргөн", — деген Султанбаев.
Ал жаңы салынган имараттарды санап берген:
99 мектеп;
25 бала бакча;
16 саламаттык сактоо объектиси;
6 маданият тармагындагы объект;
5 спорткомплекс;
калкты таза суу менен камсыз кылган 30 объект;
12 башка объектилер (административдик имараттар, стационардык транспорттук көзөмөл пункту жана башка).
Анын ичинде облустар боюнча:
Чүй облусунда — 22 объект;
Баткен облусунда — 46 объект;
Жалал-Абад облусунда — 27 объект;
Ысык-Көл облусунда — 18 объект;
Нарын облусунда — 18 объект;
Ош облусунда — 47 объект;
Талас облусунда — 15 объект.
Мындан тышкары, Султанбаев башка каржылоо булактарынын эсебинен (кайрымдуулук фонд, облустук өнүктүрүү фонддору, жеке донорлордун каражаттары) өлкө боюнча 130 социалдык объект салынып бүткөнүн кошумчалаган.
Кыргызстан тогуз айда 24,7 млрд. сомдук карызынан кутулду