БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Төө-Ашууга (Бишкек — Ош жолунда) саат 17:00дөн тарта оор жүк ташуучу автоунааларды киргизүүгө чектөө коюлду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдирди.
Бишкек — Ош жолунун 119-129-чакырымында жолго реагенттер себилип, кардан, күрткүдөн тазаланып жатканы айтылды. Жүргүнчүлөрдүн айтымында, жол тайгалак болууда.
Чектөө эрте чыккан жүктүү автоунаалар ашуудан тез өтүп кете албай, жол тыгынын түзүп жатканынан улам киргизилгендигин айтты. Мындай талап аба ырайы оңолуп, Төө-Ашуудагы абал жакшырганга чейин созуларын кошумчалады.