Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу Днепрдин сол жээгинен аскерлерди алып чыгууга буйрук берди

Аймактагы мамлекеттик мекемелерге, мектептерге, ооруканаларга жана башка социалдык маанилүү объектилерге сокку урулуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. – Sputnik. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу РФ армиясынын биргелешкен тобунун командачысы Сергей Суровикиндин Днепрдин сол жээгиндеги Херсон облусунда коргонууну уюштуруу сунушуна макул болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Учурдагы кырдаалга ар тараптуу баа берүү менен Днепр дарыясынын сол жээгинде коргонууга өтүү сунушталууда. Мен бул оор чечим экенин түшүнөм. Ошол эле учурда биз аскерлердин өмүрүн жана аскер топторунун күжүрмөн даярдыгын сактап калабыз. Мындан тышкары, күчтөрдүн жана каражаттардын бир бөлүгү чыгарылат, алар операция активдүү жүрүп жаткан башка аймактарга жөнөтүлөт", — деди Суровикин.
Командир Херсон жана ага чектеш аймактардагы тургундардын жашоосу кыйындап баратканын жана өмүрү коркунучта экенин кошумчалады. Ал Украинанын куралдуу күчтөрү Каховка дамбасын аткылоону улантып жатканын, бул чоң жоготууларга алып келе турган суу ташкынын болтурушу мүмкүндүгүн айтты.
Суровикин каршылаш тарап аймактагы мамлекеттик мекемелерге, мектептерге, ооруканаларга жана башка социалдык маанилүү объектилерге сокку уруп жатканын белгиледи. Аймактан учурда 115 миң киши коопсуз жайга чыгарылган.
Ал РФ аскерлери душмандын чабуул коюу аракеттерине майнаптуу каршылык көрсөтүп жатканын кошумчалады. Херсон багытында эле Украинанын Куралдуу күчтөрү августтан октябрь айына чейин 9,5 миңден ашуун кишисин жоготкон. Россия аскерлери арасында жоготуулар жети-сегиз эсе аз экени белгиленди.
Херсон облусунун башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов көз жумду