Садыр Жапаров Самаркандда өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат

Саммиттин жүрүшүндө уюмдун башкы катчысы кызматына Кыргызстандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Самарканд шаарында өтчү Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
"Президенттер уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, 2022-2026-жылдарга ТМУнун декларациясын жана стратегиясын кабыл алышат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу, ТМУ жана Түрк эл аралык академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда", — деген Азымбакиев.
Ал саммиттин жүрүшүндө уюмдун башкы катчысы кызматына Кыргызстандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынарын кошумчалады. Саммитке Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркиянын лидерлери катышмакчы. Ал эми Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстан парламентинин төрагасы иш-чарага байкоочу өлкө катары көз салат.
Азымбакиев сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугарын айтып, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкуулана турганы белгилеген.
ЖМК: Түрк мамлекеттери бирдиктүү алфавит түзүүнү талкуулап жатат