Резекне шаарындагы нацизмдин жеңүүчүлөрүнө орнотулган эстелик алынууда. Видео

Кеп "Алёша" деп аталган тарыхый объект туурасында жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. – Sputnik. Латвиядагы Резекне шаарында нацизмдин жеңүүчүлөрүнө коюлган эстеликти алуу иштери башталды. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье өзүнүн Telegram-каналына маалымат жайгаштырды.
Кеп "Алёша" деп аталган эстелик туурасында жүрүп жатат.
Шаар башчысы менен жергиликтүү элдин каршылыгына карабай, Латвия өкмөтү эстеликти алып салууга киришкен. Алар тарыхый объектиден "кутулууну" таңкы саат беште, эл ойгоно электе баштаган.
Мурдараак Резекне мэри Александр Барташевич "Алёшаны" алып салуу "мамлекет үчүн өтө чоң ката" экендигин, шаардыктардын көбү бул демилгени колдобой тургандыгын айткан эле.
Ригада тарыхый эстелик алынып, РФ элчилиги Латвияга нааразылыгын билдирди