БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Казак тилин, тарыхын жана өлкөнүн мыйзамдарын билбегендерге Казакстандын жарандыгы берилбейт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан премьер-министр Алихан Смаиловдун айтымына таянып жазды.
Өкмөт башчы депутаттын өтүнүчүнө жооп берип жатып "Казакстандын жарандыгы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр иштелип чыкканын белгилеген. Анда мамлекеттик тилди, тарых негиздерин жана улуттук мыйзамдарды билбегендик жарандыктан баш тартууга кошумча негиз болору жазылган.
"Тилди, каада-салтты жана казак элинин маданиятын үйрөнүүнү каалагандар үчүн 40 достук үйүндө 174 мектеп иштейт. Ал жакта тилди акысыз окуп, аны менен катар казак элинин маданият, салтын билип алууга бардык шарттар түзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Мигранттар жана чет элдиктер мамлекеттик тилди акимчиликтердин алдындагы "Тіл" окутуу-методикалык борборлорунун базасында да үйрөнө алат.