Кыргызстанда электрондук тамеки жана вейптерге тыюу салуу сунушталууда

Мыйзам кабыл алынса, жарандардан вейп жана электрондук тамекилер алынып, жок кылынат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда электрондук тамеки жана вейптерге тыюу салуу сунушталууда. Мыйзам долбоорун коомдук талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов алып чыкты.
"Мыйзам азыркы жана келечек муунду электрондук тамекилерден чыккан зыян заттардын таасиринен коргоого багытталган. Бир эле вейпти колдонуу гепатит жана кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга кептейт. Мыйзам долбоору кабыл алынса социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерди алдын алат", — деп жазылган Бакасов сунуштаган документте.
Мыйзам кабыл алынса, жарандардан вейп жана электрондук тамекилер алынып, жок кылынат.
Буга чейин эл өкүлү энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну сунуштаган.
Кыргызстанда электрондук чылым чеккен өспүрүмдөрдүн саны өстү