Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кайра иштетүү өнөр жай рыногу 20%га өстү

Өткөн жылы биримдиктин өндүрүш рыногунун кубаттуулугу нарк жагынан алганда 983 миллиард доллардан ашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. 2021-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кайра иштетүү өнөр жай рыногу дээрлик 20 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ЕЭК коллегиясы 8-ноябрда ЕАЭБдин өнөр жай товарлары рыногуна жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча докладды жактырган. Документ менен ЕЭКтин агроөнөр жай боюнча министри Артак Камалян тааныштырган.
"Өткөн жылы биримдиктин өндүрүш рыногунун кубаттуулугу нарк жагынан алганда 983 миллиард доллардан ашкан. Тагыраагы, 2020-жылга салыштырмалуу 162,9 миллиард долларга (19,8 пайызга) өстү. Рыноктун көлөмү 81,5 пайызга жогорулаган", — деген Камалян.
ЕАЭБ рыногунда улуттук өндүрүштүн ичинен эң чоң өсүш химиялык тармакта (5,7 пайызга), фармацевтикада (3,9 пайызга) жана башка жаатта байкалганы кошумчаланды.
Аталган документ эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө жөнөтүлөт. Рынокко жасалган анализ мамлекеттик орган, өндүрүшчү жана керектөөчүлөргө өнөктөштөрдүн керектөөлөрү жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет.
Кийинки жылы өлкөдөн алтын камтыган руда жана концентрат экспорттоого тыюу салынат