10-ноябрда Бишкектеги үч жаңы конушта суу жок болот. Тизме

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн конуш тургундарынан кечирим сурап, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. 10-ноябрда Бишкектин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Бишкек суу канал" башкармалыгы суу аталган конуштарда саат 9:00дөн 18:00гө чейин өчүрүлөрүн эскерткен.
"Бул убакыт аралыгында "Ак-Жар", "Ак-Бата" суу алгычтарында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда", — деп жазылат маалыматта.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн конуш тургундарынан кечирим сурап, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
Өлкөдө картайган бак-дарактардын ордун толуктоо мезгили келди. Экологдун маеги