Радио

Кудайкулов: чек арада чыр чыккан сайын сүрөттөрүмдү кошо ала кетем

Мугалим, Кыргызстан жазуучулар союзунун жана сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов 48 жылдан бери мугалим болуп иштээрин айтты.
Sputnik
4-ноябрда Бишкек шаарында өткөн сүрөт көргөзмө сынакка Баткен облусунан 10 сүрөтчү келип катышты. Бул тууралуу Сайиткул Кудайкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Баткенде сүрөт галереясы уюшулуп, ал жерде түрдүү чыгармалар коюлат.
"1978-жылы Фрунзе шаарындагы көркөм өнөр окуу жайын бүтүргөм. Устатым, ыраматылык живописчи Гүлчоро Керимбеков боёк менен, Александр Духанин калем менен сүрөт тартууну үйрөткөн. Мен көбүнчө портрет тартам. Чыгармаларымда айылдагы карапайым адамдар, айыл турмушу жана жаратылыш чагылдырылат. Учурда жүздөгөн сүрөтүм бар. 1990-жылдардан кийинки кыйын чактарда портрет тартып тиричилик кылдым. 48 жылдан бери мугалим болуп иштеп келем. Азыр Лейлек районунун Арка айылындагы Бурхан Набиев атындагы мектептин, Кулунду айылдык балдар искусство мектебинин мугалимимин. Окуучуларым да мага окшоп жаратылыш темасында сүрөт тартышат. Дайыма өлкө аймагында уюштурулуп жаткан сынактар тууралуу сайттардан карап балдарды катыштырып келем. Эки окуучум учурда "Кыргызстандын алтын тоолору" аттуу экологиялык сүрөт сынагына катышууда. Чек ара маселеси биздин чыгармачылыгыбызга да таасир этип келет. Чыр чыккан сайын сүрөттөрүмдү өрттөп жибербесин деп үй-бүлөм менен кошо ала кетем. Эми мындан ары чыгармаларымда Баткен, чек ара маселесин көбүрөөк көтөрөм. Жакында Баткенде сүрөт галереясы уюшулуп, ал жерде түрдүү чыгармалар коюлганы турат", — деди Кудайкулов.
Ал 2011-жылы "Мухитке сапар алуу", 2013-жылы "Лейлектин кооз оймолору", "Лейлектик залкарлар" китептерин чыгарганын, анда өзү тарткан сүрөттөр жайгаштырылганын кошумчалады.