Жылаңач зымды колдонбогула. Баланы электр тогу урганда көрсөтүлүүчү биринчи жардам

Электр тогунун таасири кете элек болсо же андан ток өткөргүчтү ажыратуу мүмкүн болбой жатса колго кол кап кийип же кургак кийимди орой калып баланы алуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору ата-энелерди балдарды ток тартуудан абайлоого чакырып, мындай көрүнүштүн алдын алуу жолдорун айтып берди.
Борбордун адиси айрым үйлөрдө ток өткөргүч зымдар сырткы бөлүгү ачылып калса да колдонулуп жүргөнүнө токтолуп, бул эң кооптуу көрүнүш экенин эскерткен.
"Балдарга электр тогунун кооптуулугу жөнүндө дайыма айтып, түшүндүрүп туруу зарыл. Ток өткөргөн бир да зым ачык болбошу керек. Ал адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу", — деп айтылат маалыматта.
Ачык турган зымга кичинекей темир буюм менен тийип ойноп жиберсе, баланын андан ажыроосу кыйын экендиги айтылган. Электр жабдууларын сая турган точкаларды атайын капкактар менен жабуу да сунушталат. Көп учурда бөбөктөр розеткалардын тешикчелерине манжаларын салып көрүүгө кызыга беришет.

Баланы ток тартса биринчи жардам кантип көрсөтүлөт?

Электр жабдуусун токтоосуз сууруңуз;
зымды кургак таяк менен четке жылдырыңыз;
"Тез жардам" кызматын чакырыңыз;
электр жабдуусун өчүрүү же зымды алып салууга мүмкүн болбогон жагдай жаралса, баланы эч качан колуңуз менен кармабаңыз. Резина кол кап кийип же кургак сүлгү, кийимдерди ороп гана баланы алуу керек;
баланын абалын жакшылап баамдап, керек болсо жүрөк-өпкө реанимациясын жасаңыз.
ток бир аз эле тартса да организмге кесепетин тийгизиши мүмкүн. Андыктан бөбөктү оорукананын ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнө дароо алып баруу керек.
Бөбөк күйүп калганда көрсөтүлүүчү биринчи жардамдын тизмеси