Садыр Жапаров Түркиянын ИИМ башчысы Сулейман Сойлуну кабыл алды

Президент менен министр коомдук коопсуздук, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жаатындагы макулдашууларды ишке ашыруу тууралуу сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн өлкөгө иш сапары менен келген Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы коомдук коопсуздук, жарандык коргонуу жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жаатындагы макулдашууларды ишке ашыруу тууралуу сүйлөшкөн.
1 / 2

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн өлкөгө иш сапары менен келген Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлуну кабыл алды

2 / 2

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы коомдук коопсуздук, жарандык коргонуу жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жаатындагы макулдашууларды ишке ашыруу тууралуу сүйлөшкөн

Жапаров эки тараптуу мамилелер мындан ары да чыңдала берерине ишенимин билдирип, бул сапар эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө түрткү болорун кошумчалаган.
Өз кезегинде Түркиянын ички иштер министри Сойлу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Түркия лидери Режеп Тайип Эрдогандын саламын жеткирген. Ал кыргызстандык кесиптештери менен бирге коопсуздукту камсыздоо, террорчулук жана экстремизм, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатында кызматташуу боюнча кеңири сүйлөшүүлөр болгонун маалымдаган.
Кыргызстанга Түркиянын ички иштер министри келди. Сүрөт