Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Түн ортосунда аткылоого алынган Донецкинин борбору, талкаланган имарат. Видео

ДЭРдеги борбордун өкүлчүлүгү түндө НАТОлук алты снаряддардан ок жаагандыгын билдирген.
Sputnik
Донецкинин борборунда жайгашкан Темир жол башкармалыгынын имараты Украина тараптын аткылоосунан улам талкаланып, өрттөнгөн видеосун РИА Новости жарыялады.
ДЭРдеги Көзөмөл жана маселелерди координациялоо өкүлчүлүгү түндө НАТОлук алты снаряддардан ок жаагандыгын билдирген. Ал Донецкинин чок ортосундагы Ворошилов районуна келип түшкөн.
Видеодон снаряддан талкаланган имараттын тышын жана ичин, терезенин күбүлгөн айнектерин, коридордо күйүп жаткан картиналарды, чаң, түтүн аралашкан көчөнү көрүүгө болот.
Агенттиктин кабарчысы андан соң дээрлик талкаланып калган, жалындап күйүп жаткан имаратты көрсөттү.
Ал, бактыга жараша, адам өмүрү кыйылбагандыгын билдирген.
По теме:
Украиналык улутчулдар чегингенде мектептерге мина коюп кеткен. Видео