Россиядан чыгып кеткен жарандар салыкты кандай төлөп калат? Эксперт түшүндүрдү

Кеп өзүнүн өлкөсүнөн көп убакытка чыгып кетип, чет жакта жүрүүгө ниеттенгендер туурасында болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Россиянын аймагынан чыгып кетип, көпкө чейин кайтып келбегендер кыймылсыз мүлкүн сатканда көбөйтүлгөн салык төлөйт. Бул тууралуу "Известия" басылмасына "Этажи" деп аталган федералдык компаниянын юридикалык департаментинин жетекчисинин орун басары Сергей Чужаков билдирген.
Юрист РФтин салыктык резиденти деген макамды кармап туруу үчүн өлкөдө кеминде 183 календардык күн болуп туруу керектигин айткан. Болбосо, ал салыктык резидент эмес деген категорияга кирип, төлөмдүн коюму 13төн 30 пайызга чейин өсөрүн билдирди. Маалыматта бул макамдагы адамдар эгерде турак жайын сата турган болсо, тарткан чыгымы эмес, түшкөн акчадан салык төлөп калары айтылган.
Анткен менен эгерде үч жылдан ашык мөөнөт ээлик кылса же мурас катары калса, менчиктештирилсе, белек кылынган болсо үйдү сатууда кээ бир жумшарта турган учурлар каралган. Калган мезгилде резидент болгондор, болбогондор үчүн бештен кем эмес жыл кожоюн болушу керек деген шарт каралган.
"Эгерде жакын арада 3-5 жылдан азыраак убакыт ээлик кылган турак жай сатыла турган болсо, анда салыктык резидент деген макамды сактап калуу жагын ойлонуштуруу керек. Бул салыкты ашыкча төлөөдөн сактайт", — деген Чужаков.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: мобилизация болгондордун санын өз ыктыяры менен келгендер көбөйттү