Россия келерки жылы Кыргызстанга 150 мугалим жиберет

Келишим "Российский учитель за рубежом" деп аталган долбоордун алкагында түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. 2023-жылы Россия Кыргызстандагы мектептерге 150 мугалим жөнөтөрүн РФтин Агартуу министрлиги кабарлаган.
Ведомствонун маалыматына караганда, "Российский учитель за рубежом" деп аталган долбоор башка өлкөлөрдө көп кызыгууну жаратып келет. Анын алкагында Кыргызстанга педагогдорду жиберүү багыты да каралган.
Россиянын агартуу министринин орун басары Денис Грибовдун айтымында, биргеликте иш алып баруу, адистер арасында тажрыйба, уникалдуу программаларды алмашуу иштери балдарга заманбап, сапаттуу билим берүүнү көздөйт.
Кыргызстанда дагы 14 мектеп "Чет жердеги орус мугалими" долбооруна кошулду