БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Москва эгин келишиминин алкагында Россияга салынган азык-түлүк жана жер семирткичтердин экспорту боюнча чектөөсүн кайра алуу жаатында жүрүп жаткан иштерге канааттанган жок. Бул тууралуу РИА Новости ТИМ жетекчисинин орун басары Андрей Руденкого таянып билдирген.
"Россия бөлүгү боюнча прогрессти байкаган жокпуз. Бардык факторлор узартуу боюнча (эгин келишими - ред.) соңку чечимди кабыл алынып жатканда эске алынат", — деген дипломат.
Руденко Москва белгилеген учурларды эске салып, БУУ бул көйгөйдү чечүү жоопкерчилигин өзүнө жүктөгөндүгүн эске салды.
"Азырынча убакыт бар, биздин катышуубуздан кийин бул келишим кандай ишке ашарын карайбыз", — деп кошумчалаган ТИМ жетекчисинин орун басары.
Өткөн аптанын аягында Россия Севастополдун акваториясындагы Киев тарабынан жасалган терактыдан улам БУУнун Украинанын портторунан азык-түлүк чыгарууну камсыздаган эгин келишимин токтото турганын расмий билдирген. 29-октябрда эртең менен Киев Кара деңиз флотунун кемелерине террордук чабуул жасаган.
Бирок Түркия менен сүйлөшүүлөрдөн, Киевден кепилдик катын алгандан кийин макулдашууларга кайтып келген. Бирок Кремль бул келишим узарат деген нерсе эмес экендигин айткан. Анын мөөнөтү 19-ноябрда соңуна чыкмакчы.
Москва 2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинада атайын операцияны баштаган. Президент Владимир Путин түпкү максат Донбассты бошотуу жана Россия үчүн коопсуз шарттарды түзүү экендигин айткан.