"Ислам мамлекетинин"* постсоветтик өлкөлөрдө жанданганы айтылууда

Ташкентте коопсуздук жаатында эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. "Ислам мамлекети"* террордук уюму постсоветтик өлкөлөрдөгү жана Афганистандагы эл аралык долбоорлорго каршы операцияларды пландоо жаатында активдеше баштады. Бул тууралуу КМШнын Антитеррордук борборунун жетекчиси Евгений Сысоевдин айтканын РИА Новости жазды.
Бүгүн Ташкент шаарында ШКУнун Аймакта иш алып барган антитеррордук түзүмдүн "Азыркы кооптуулук: чакырыктар жана чечимдер" деп аталган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясы өз ишин баштады.
"Ислам мамлекетинин" постсоветтик өлкөлөрдөгү эл аралык долбоорлорго каршы операцияларды пландоо жаатында активдеше баштаганы байкалууда", — деген Сысоев.
Аталган түзүмдүн башчысы топтун лидерлеринин "Кытай, Россия, Пакистан жана Түркия тараптан жасалып жаткан кулдугу" жаатында жихадга чакырыгы бир топ кооптуулукту жаратып жатканы белгиленген. Тагыраагы, Термез — Кабул — Пешевар темир жол жана Түркмөнстан — Афганистан — Пакистан — Индия газ түтүгүнүн курулушу үзгүлтүккө учуроо ыктымалдыгын жаратып жатканын билдирген.
* Ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда, Россияда жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.
Кабулда талибдер* "Ислам мамлекети" уюмунун алты согушкерин жок кылды