БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 13-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында электрондук чылым чеккендердин саны өскөнү байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бишкекте тегерек стол өтүп, анда катышуучулар никотинди камтыган азыктар боюнча коомдук талкууга коюлган Евразия экономикалык биримдигинин регламентинин долбоорун күчөтүү маселесин талкуулашкан. Иш-чарада электрондук тамеки сыяктуу курамында никотин бар жаңы чылымдар тууралуу да кеп болгон. Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана ушул жааттагы адистер пикир алмашкан.
"Дүйнө жүзү боюнча курамында никотин бар продукцияларды колдонгондор көбөйүүдө. Анын ичинде жаштар, өспүрүмдөр дагы бар. Кыргызстанда 13-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында электрондук чылым чеккендердин саны өскөнү байкалып жатат. Мындай продукцияларды көзөмөлгө алуу ЕАЭБ мамлекеттериндеги саламаттыкты сактоо жаатындагы негизги тапшырмалардын бири. Аталган продукциялар ар кандай ооруларды пайда кылып, өлүмгө кептейт", — деген министрлик.