ЖМК: Вашингтон банктарды Россиянын айрым компаниялары менен иштешүүгө чакырды

Вашингтон санкция Россиянын бардык экономикасына салынбаганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаменти жана Финансы министрлиги Американын ири банктарын Россиянын айрым стратегиялык компаниялары менен иштешүүнү улантууга чакырды. Бул тууралуу Bloomberg ишенимдүү булактарына таянып кабарлаган.
Агенттиктин маалыматына караганда, кеп JPMorgan жана Citigroup каржы агенттиктери тууралуу болууда.
АКШ бийлиги аларды Россиянын Газпром, Уралкали жана ФосАгро сыяктуу компаниялары үчүн акча которууларды жана долларга конвертациялоону камтыган негизги кызматтарды көрсөтүүнү улантууга чакырган.
Вашингтон санкция Россиянын бардык экономикасына салынбаганын белгилеген. Ошол себептен бийлик экономикалык каатчылыкка кабылбаш үчүн Американын ири бизнесин уруксат берилген секторлор менен иштеше берүүгө үндөгөн.
Citigroup жана JPMorgan компанияларынын өкүлдөрү РИА Новостиге бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков РФ менен АКШ Украина боюнча сүйлөшүү жүргүздү деген маалыматка үн катты