Айлыгы 25 миң сомдон жогору. Бишкекте "Тазалык" жумушчуларды ишке чакырат

Ишканага 20 жаштан 50 жашка чейинки эркек кишилер керек.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасына жүктөгүчтөр жана жүк ташуучу унаанын айдоочулары керек. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жумушка 20 жаштан 50 жашка чейинки эркек кишилер чакырылат.
Айлык акысы 25 миң сомдон жогору экени айтылат. Жумуш сааттары сүйлөшүү учурунда белгиленет.
Кененирээк маалымат алуу үчүн 0701 88 08 51 номери аркылуу кайрылууга болот.
Соцтармакта аял кишини мазактаган "Тазалыктын" кызматкерине чара көрүлөбү? Жооп