Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков РФ менен АКШ Украина боюнча сүйлөшүү жүргүздү деген маалыматка үн катты

Буга чейин Wall Street Journal өз булактарына таянып Салливан акыркы айларда Ушаков жана Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков сүйлөшүү жүргүздү деген маалымат боюнча комментарий берди.
РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Песков бул боюнча эч нерсе айта албасын билдирген.
"Англосаксондук ЖМКлар "өрдөктөрдү" учура берет. Ошондуктан бул жерде маалыматты жазган гезитке же Ак үйгө кайрылуу керек", — деди РФ президентинин маалымат катчысы.
Буга чейин Wall Street Journal өз булактарына таянып Салливан акыркы айларда Ушаков жана Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазган.
Журналист АКШга мигранттардын мыйзамсыз агылышын "Байдендин эң оор кылмышы" деп атады